Редакцияот 28.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин III чакырылышынын XIX заседаниеси

 

2013-жылдын 28-июну № 19/8

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган калдыктын эсебинен 2013-жылдын планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Коңур-Дөбө айылдык кеңеши заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган калдыктын эсебинен 278 116 (эки жүз жетимиш сегиз миң бир жүз он алты)сом акча каражатын 2013-жылдын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.

2. Айылдык Кеңештин заседаниесинде талкууланып 278 116 (эки жүз жетимиш сегиз миң бир жүз он алты) сом акча каражаты 2013-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча сметасына киргизип берүү жагы Райондук финансы бөлүмүнөн суралсын. (расчет тиркелет)

3. Жогорудагы бекитилген толктоолорду өз максатында чыгымдоо жагы Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Батралиевге милдеттендирилсин.

 

Коңур-Дөбө айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Т. Бегматов