Редакцияот 15.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги III сессиясынын (заседаниесинин)

 

2013-жылдын 15-апрели № IV/2

Кара-Таш айылдык округунун аймагына инвестиция тартууну колдоо жөнүндө

Кара-Таш айылдык округунун инфраструктурасын которуу жана айылдык округдун аймагына инвестиция тартууну кучотуу максатында депутаттардын Кара-Таш айылдык кенеши.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Таш айылдык округунун аймагындагы К.Жунусов атындагы орто мектебиндеги борбордук жылытуу системасынын (кательный) мончого көтөрүп курулушун аяктоо үчүн Кыргыз Республикасынын туртку берүүчү грантына жазган долбоорунун 10% төлөмдөрү үчүн 45730 (кырк беш миң жети жүз отуз) сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

2. Жогорку акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айылдык округдун ФЭБ бөлүмүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, соода жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кара-Таш айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Мамаюсупов