Редакцияот 29.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

2013-жылдын 29-июну № V/2

«НУР Телеком» жоопкерчилиги чектелген коомуна уюлдук байланыштын базалык станциясынын куруу жана орнотуу үчүн жер аянтын ажыратуу жөнүндө

Кара-Таш айылдык округунун инфраструктурасын которуу жана айылдык округунун аймагындагы уюлдук байланыштын сапатын жакшыртуу, инвестиция тартууну күчөтүү максатында айылдык округунун 2013-жылдын 24-июнундагы № 113 А сунушун,ошондой эле <<НУР Телеком>> жоопкерчилиги чектелген коомуна уюлдук байланыштын базалык станциясынын куруу жана орнотуу үчүн Кара-Таш айылдык округунун Кара-Таш айылынын “Чомолок” участкасынын ижарага 4х4 метр жер аянтын ажыратып беруу жөнүндөгу 2013-жылдын 8-майындагы № 07/850 катын карап чыгып жана талкуулап, депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ”НУР Телеком” жоопкерчилиги чектелген коомуна уюлдук байланыштын базалык станциясын куруу жана орнотуу үчүн Кара-Таш айылдык округунун Кара-Таш айылынын “Чомолок” участкасынан ижарага 4х4 метр жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү 2013-жылдын 8-майындагы №07/850 каты жана айылдык округунун аймагындагы уюлдук байланыштын сапатын жакшыртуу, инвестиция тартууну күчөтүү максатындагы Кар-Таш айылдык округунун башчысынын 2013-жылдын 24-июнундагы № 113 А сунушу колдоого алынсын.

2. ”НУР Телеком” жоопкерчилиги чектелген коомуна уюлдук байланыштын базаалык станциясын куруу жана орнотуу үчүн Кара-Таш айылдык округунун Кара-Таш айылынын “Чомолок” участкасынан ижарага 4х4 метр жер аянты жылына 30 000(отуз миң) сом ижарага акы менен пайдаланууга берилсин.

3 .Ижарага берилген жер аянтынын чек араларын тактап , ижара келишимин түзүп , бекитип берүү жагы айылдык округунун айыл өкмөтүнө сунушталсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин бюджет соода жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына, милдеттендирилсин.

 

Кара-Таш айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Мамаюсупов