Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-сентябры № VII/4
Кара–Таш айыл аймагындагы Нойгут айылынын тургундарынын 2013-жылдын 10 апрелиндеги № Н/37 арызы жөнүндө
Кара–Таш айыл кеңешинин депутаттары Нойгут айылынын тургундарынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги № Н/37 арызын карап чыгып тиешелүү өзгөртүү, толуктоолорду киргизип айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нойгут айылынын тургундарынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги № Н/37 арызы канаттандырылсын.
2. Нойгут айылындагы "Белек" балдар бакчасынын аты "Кадыр-Ата атындагы Белек" балдар бакчасы деп өзгөртүлсүн.
3. Бала-бакчанынатын өзгөртүүдөгү юридикалык иш-кагаздарына кеткен чыгымдарды көтөрүү жана демөөрчүлүк иш арекеттерди жүргүзүү жагы Эркебаевдердин үй-бүлөөсүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө транспорт, өнөр жайын кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Кара-Таш айылдык кеӊешинин төрагасы |
Б. Мамаюсупов |