Редакцияот 28.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык округунун кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги төртүнчү сессиясы

 

2013-жылдын 28-февралы № 4-1

Кеңеш айылдык округунун 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышынын абалы жана Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бюджетин 2014-2015- карата божомолун бекитүү тууралуу

Кеңеш айылдык округунун 2012-жылдагы кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылдын бюджетин 2014-2015- карата божомолун бекитүү тууралуу Кеңеш айылдык округунун ФЭБнүн башчысынын берген отчетун жана экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айылдык округунун 2012-жылдагы кабыл алынган бюджетинин аткарылышы киреше бөлүгү такталган планы 31940,3 миң сом, аткарылышы 32313,2 миң сом, чыгаша бөлүгү такталган планы 31971,8миң сом, аткарылышы 32011,1 миң сом деп бекитилсин.

2. Кеңеш айылдык округунун 2013-жылдагы кабыл алынган бюджетинин киреше бөлүгү категориальдык грант—24190,3 миң сом, теңдөөчү грант-2302,2 миң сом, жергиликтүү бюджет 3756,0 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү категориальдык грант—24190,3 миң сом, теңдөөчү грант-2302,2 миң сом, жергиликтүү бюджет 4185,8 миң сом деп бекитилсин.(тиркемелер тиркелет)

3. Кеңеш айыл өкмөтүнүн бюджетинин божомолу 2014-жылга карата 30882,1 миң сом, 2015-жылга карата 31202,1 миң сом деп бекитилсин

4. Айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.

5. Кеңеш айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын берген отчету канаттандырарлык деп табылсын.

6. Кеңеш айыл өкмөтүнүн апаратынын тиркемеде көрсөтүлгөн штаттык бирдиктери бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абжалиев К тапшырылсын.

 

Кеңеш айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

М.А. Ташбаев