Редакцияот 28.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык округунун кеңешинин (5-чакырылышы) кезексиз төртүнчү сессиясы

 

2013-жылдын 28-февралы № 4-2

Кеңеш айылдык округунун социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө

Кеңеш айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылдык округунун социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айылдык округунун социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык планы бекитилсин.

2. Кеңеш айылдык округунун социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык планынын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Нышанбай уулу Курсаналиге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абжалиев К тапшырылсын.

 

Кеңеш айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

М.А. Ташбаев