КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык округунун кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги төртүнчү сессиясы
2013-жылдын 28-февралы № 4-4/2
Кеңеш айылдык кеңешиндеги «Кеңеш фермерлер кошунунун» ишин токтотуу жөнүндө
АРИСтин долбоору боюнча фермер-дыйкан чарбаларды окутуу жумушу 2012-жылда аяктагандыгына байланыштуу айылдык округдун аймагында эми «Кеңеш фермерлер кошунунун» табуу зарыл болууда, ошондуктан бул уюм салыктан, соц.фонддон каттоодон чыгуу маселесин чечүү максатында Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кеңеш фермерлер кошуну» 2013-жылдын 28-февралынан тартып жабылсын.
«Кеңеш фермерлер кошунунун» салыктан, соц.фонддон каттоодон чыгаруу үчүн тиешелүү иш-кагадарын жүргүзүү жагы фермерлер кошунунун бухгальтери А.Мадраимовко жана фермерлер кошунунун жергиликтүү консультанты К.Осмоновко милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Нышанбай уулу К тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.А. Ташбаев |
|
|