Редакцияот 28.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык округунун кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги төртүнчү сессиясы

 

2013-жылдын 28-февралы № 4-4/1

Куу-майдан айылындагы «Айбийке» балдар бакчасына спорт аянтчасын куруу жана инвентарь алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыртуу жөнүндө

Кеңеш айылдык округуна караштуу Куу-майдан айылындагы «Айбийке» балдар бакчасына спорт аянтчасын куруу жана инвентарь алуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан кошкон салым тууралуу маселени угуп жана талкуулап кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Куу-майдан айылындагы «Айбийке» балдар бакчасына спорт аянтчасын куруу жана инвентарь алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 42.200.(кырк эки мин эки жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Ажыратылып берилген акча каражатын таап берүү жагы ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовко тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

М.А. Ташбаев