Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-октябры № 8-1
Кеңеш айыл аймагында жайгашкан социалдык объектилердин абалы жана жүргүзүп жаткан иштери тууралуу Социалдык, маданий, билим берүү, миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагында жайгашкан социалдык объектилердин абалы жана жүргүзүп жаткан иштери тууралуу Социалдык,маданий,билим берүү,миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына орнотулган эстеликти өз ордуна калтыруу боюнча мыйзамдуу жол таап чечүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин спорттук аянтчасы аркылуу өткөн электр чубалгысын бир айлык мөөнөт ичинде жылдыруу жагы айыл өкмөтүнө жана айыл башчысына тапшырылсын.
4. Арбын орто мектебинин көмүрканасын жылдырууну караштырып чечип берүү жагы айыл өкмөтүнө жана айыл башчысына жүктөлсүн.
5. Социалдык,маданий,билим берүү,миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүндөгү көйгөйлүү маселерди чечүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү менен аткарууга алууну айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбердиевке тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык,маданий,билим берүү,миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Анарбек уулу А тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.А. Ташбаев |
|
|