Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-октябры № 8-1/1
№9-УБДТнун ооруканага берилген корпусуна убактылуу Байыш айылчасына балдар бакчасын куруу тууралуу
№9-УБДТнун ооруканасында ачылган төрөт үйү министрликтин буйругу менен жабылгандыгына байланыштуу бош турган корпусту убактылуу Байыш айылчасына балдар бакчасын курууга пайдаланып туруу тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №9-УБДТнун ооруканасында ачылган төрөт үйү министрликтин буйругу менен жабылгандыгына байланыштуу бош турган корпусту убактылуу Байыш айылчасына балдар бакчасын курууга пайдаланып турууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык,маданий,билим берүү,миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Анарбек уулу А тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.А. Ташбаев |
|
|