Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-октябры № 8-2
Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын сунушун бекитүү тууралуу
Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 28-февралында кабыл алынган Кеңеш айыл өкмөтүнүн бюджетине төмөндөгүдөй кошумча өзгөртүүлөр киргизилип, бекитилсин.
-Жеткинчек-Кеңеш балдар бакчасынын чарбалык, социалдык жана маданий иштери үчүн 20,0 м.с.
-Арбын айылындагы Калыева Алма көчөсүнүн капиталдык ремонтунун өздүк салымы үчүн 58,0 м.с.
-Айылдык кеңештин депутаттарынын кабинетин ремонттоого, жасалгалоого жана концелярдык иштери үчүн 60,0 м.с.
-Айылдык аймактын кире беришине жаңыдан көрнөк орнотууга 63,0 м.с.
-Н.Исановдун 70 жылдык маарекесине карата жол боюна щит-тезисттерди, лозунгаларды жаздырып илүүгө, бак-дарактарды актап иретке келтирүүгө 20,0 м.с.
-Маданий иш-чаралар үчүн 20,0м.с.
-Резервдик ротага кийим кече үчүн 25.2 м.с.
-Айбийке балдар бакчасынын ПРООН аркылуу ишке ашырылган долбоордун өздүк салымы үчүн 20.0 м.с.
-Ак-чабуу орто мектебинин жылытуу системасын реконструкциялоого 30,0 м.с.
-Арбын айылынын ПРООН тарабынан жактырылган таза суу долбооруна айыл өкмөтүнүн өздүк салымы үчүн 98,9 м.с.
-Ж.Нышанов атындагы орто мектебинин жанындагы сайдагы көпөрө, мектеп окуучулары үчүн кооптуу болгондуктан, анын ремонт иштерине 10,0 м.с. мектептин спорттук аянтчасындагы эл.чубалгыларын жылыштырууга 20,0 м.с
-Айыл өкмөтүнүн райондук денгээлде өткөрүүчү семинарынын иш кагаздарын жаңылоосу, кабинеттеринин ички, тышкы жасалгалоосу, усулдук көрсөтмө катары планшет, тактайчаларды даярдоо үчүн 30,0 м.с акча каражаты бюджеттен ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылган акча каражатын таап берүү жагы ФЭБнүн А.Мадраимовко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абжалиев Камбарга тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.А. Ташбаев |
|
|