Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-октябры № 8-3
Кеңеш айыл өкмөтүндө уюштурулган атуулдарды бирдиктүү терезе аркылуу кабыл алуунун графигин бекитүү тууралуу
Кеңеш айыл өкмөтүнө аныктамаларды алуу үчүн ж.б.керектүү маселелерин чечүү үчүн кайрылган атуулдар издеген адамын таппай, кайра-кайра эле убара болбоо үчүн жер адис, соц.адис, жооптуу катчы, салыкчылар, айыл башчылар. бухгалтерия, ВУС, ошондой эле райондон келген гос.регстр кызматкери, соц.фондун кызматкери, салык кызматынын жана архитектуранын да адистери бир убакта бирдиктүү терезе каанасына келип олтуруп, бардык маселелерин бир эле жерде бир учурда чечип кетүүсү үчүн уюштурулган бирдиктүү терезе кабыл алуу каанасынын иштөө графигин кабыл алып, аны жер-жерлерге таркатып бардык атуулдарды тааныштыруу менен тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүндө уюштурулган атуулдарды бирдиктүү терезе аркылуу кабыл алуунун графиги төмөндөгүдөй болуп бектилсин;
1-күндөн 5-күнгө чейин саат 9-00 дөн 11-00 гө чейин.
Дем алуу күндөрү ишемби, жекшемби.
2. Көрсөтүлгөн убакытта соц.адис, жооптуу катчы, салыкчылар, айыл башчылар. бухгалтерия, ВУС көрсөтүлгөн иш орундарына олтуруу милдеттендирилсин.
3. Өз убагында иш орундарында болбогон кызматкерлерге тиешелүү чараларды көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.А. Ташбаев |
|
|