Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-октябры № 8-3/1
Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин бекиттирүү тууралуу
Айыл өкмөтүндө төмөндөгүдөй акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр уюштурулууда: документтерди нускадан чыгаруу (ксерекопия), скайнерден чыгаруу, факс аркылуу документтерди жөнөтүү, интернет аркылуу байланыш ж.б. мына ушул кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн өлчөмүн бекиттирүү тууралуу сунушту угуп жана талкуулап, элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүндө уюштурулган акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн акы төлөө тарифи төмөндөгүдөй:
Документтерди нускадан чыгаруу (ксерекопия) 3 сом.
скайнерден чыгаруу 10 сом.
факс аркылуу документтерди жөнөтүү 35 сом минутасына.
интернет аркылуу байланыш 30 сом саатына болуп бекитилсин.
2. Түшкөн акчаны мыйзамдуу түрдө иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрагасы |
М.А. Ташбаев |
|
|