Редакцияот 27.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ынтымак айылдык Кеңешинин (5 – чакырылышы) кезектеги III – сессиясы

 

2013 – жылдын 27 - февралы № 3/9

Ынтымак айылдык Кеңешинин сессиясынын чечимдерин мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө

Ынтымак айылдык Кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги “Ынтымак айылдык Кеңешинин сессиясынын чечимдерин мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө” маселени карап аймактагы жергиликтүү тургундар мамлекеттик тилди толук билгендигине байланыштуу жана окуулар, түшүндүрмөлөр мамлекеттик тилде жүргүзүлгөндүгүн эске алып Ынтымак айылдык Кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ынтымак айылдык Кеңешинин кабыл алган чечимдеринин долбоорлору жана кабыл алуулары мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.

2. Ынтымак айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош областык башкармалыгына мамлекеттик тилде жиберилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы уюштуруу укуктук маселелер, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдары менен өз ара аркеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Ынтымак айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

М. Усонов.