Редакцияот 30.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ынтымак айылдык Кеңешинин (5 – чакырылышы) кезектеги VI – сессиясы

 

2013 – жылдын 30- июлу № 6/1

Депутаттардын Ынтымак айылдык кеңеши Ынтымак айылдык кеңешинин аймагындагы “Ак – Сай - Цемент” жана “Тешик - Таш” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ишмердүүлүгүн жана Ынтымак айыл округуна тиешелүү салыктардын төлөөсү, аймакка каттоого туруусу боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүчү убактылуу комиссиясынын отурмунун 2013 – жылдын 27 – июлундагы протоколун кароо тууралуу

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясында “Ак – Сай - Цемент” заводунун ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу боюнча маселе каралып, кабыл алынган чечим официалдуу түрдө “Ак – Сай - Цемент” жана “Тешик - Таш” ЖЧК нун жетекчилигине билдирүү боюнча Ынтымак айылдык кеңешинин “Ак – Сай-Цемент” жана “Тешик - Таш” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ишмердүүлүгүн, айлана чөйрөгө, айыл жашоочуларына тийгизген терс таасири жана салык төлөмдөрү жөнүндө текшерүү иштерин жүргүзүүгө түзүлгөн убактылуу комиссиясынын маселеси жактырылсын.

2. Ынтымак айылдык кеңеши Ынтымак айылдык кеңешинин аймагындагы “Ак – Сай – Цемент” жана “Тешик – Таш” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ишмердүүлүгүн жана Ынтымак айыл округуна тиешелүү салыктарды төлөөсү, аймакка катоого туруусу боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүчү убактылуу комиссиясынын отурумунун 2013 – жылдын 27 – июлундагы протоколунда белгиленген төмөндөгү милдеттенмелерди аткарууга алуу жагы Ынтымак айыл округунун башчысына милдеттендирилсин:

- Аксай цемент заводунун жана Тешик – Таш карьерин иштетүүдөгү айлана чөйрөгө тийгизген терс таасирин, жана техникалык коопсуздукту аныктоо максатында КР нын Өкмөтүнүн экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына официалдуу түрдө кайрылуу;

- Аксай цемент заводунун жетекчилиги менен Ынтымак айыл өкмөтүнүн ортосунда 1 жылдык чыгарган цементин көлөмүн тактап, ошонун негизинде меморандум келишимдин долбоорун иштеп чыгып Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясына сунуштоо;

- Ынтымак айылдык кеңеши тарабынан чечим менен жеке менчикке башка максаттарга берилген жерлерди трансфармациялоо;

- Аксай цемент заводун жана Тешик – Таш карьерин иштетүү боюнча лицензияларын тактоо максатында КР нын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик Агентигине официалдуу түрдө кайрылуу;

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.

 

Ынтымак айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

М. Усонов.