ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айылдык Кеңешинин (5 – чакырылышы) кезектеги VI – сессиясы
2013 – жылдын 30 - июлу № 6/2
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына негиз депутаттык мандаты кароо тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы сессиянын күн тартибиндеги “Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына негиз депутаттык мандаты кароо тууралуу” маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Шамшидинов Ысманали дүйнөдөн кайтыш болгондугуна байланыштуу анын ордуна келүүчү депутаты аныктап берүүнү Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына суроо максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 431 – Ынтымак шайлоо округунан шайланган Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Шамшидинов Ысманали дүйнөдөн кайтыш болгондугуна байланыштуу анын ордуна келүүчү кийинки депутаты аныктап берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын өзүмө аламын.
Ынтымак айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Усонов. |