Редакцияот 27.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы

 

2013-жылдын 27-декабры № 01-01/70

Кочкор-Ата шаарынын «Жомок» балдар бакчасынын ачылышы жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун менчигинде турган «Жомок» балдар бакчасынын ачылыш аземине карата, шаардык Кеңештин депутаттарынын атынан белек берүүнү карап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кочкор-Ата шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун менчигинде турган «Жомок» балдар бакчасынын ачылыш аземине, Кочкор-Ата шаардык Кеңештин түрдүү чыгымдар эсебинен 15 000(он беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Акча каражатын шаардык Кеңештин түрдүү чыгымдар эсебинен камсыз кылып берүү, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын

орун басары, төраганын милдетин аткаруучу

 

А.М.Нусупбеков