Редакцияот 15.01.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 15-январы № 144

Ош шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 43-статьясынын, «Ош шаарынын статусу» жөнүндө мыйзамынын 23-статьясынын, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндөгү Жобосунун жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 15-январындагы Ош шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы жөнүндөгү протоколунун негизинде, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Ош шаарынын мэри болуп Кадырбаев Айтмамат Тентибаевич шайланды деп эсептелсин.

 

Ош шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

У.Примов