Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-февралы № 149
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу баңги заттарды көзөмөлдөө
боюнча мамлекеттик кызматынын
Түштүк башкармалыгын муниципалдык
менчиктеги административдик
имаратты пайдалангандыгы үчүн
төлөөнүүчү ижара акысынан бошотуу
жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын 2013-жылдын 30-декабрындагы №4542-Түштүк башкармалыгы жайгашкан муниципалдык менчиктеги административдик имаратты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын балансына бекер өткөрүүгө же болбосо ижара мөөнөтүн узартууга макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 23-январындагы №3-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын Түштүк башкармалыгын муниципалдык менчиктеги административдик имаратты пайдалангандыгы үчүн төлөөнүүчү ижара акысынан 5 жылга бошотууга макулдук берилсин
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана «Ош шамы гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы: |
У.Примов |