Редакцияот 27.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

 ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫ

 (III ЧАКЫРЫЛЫШ)

 

2014-жылы 27-марты № 159

Кыргыз Республикасынын өзгөчө

кырдаалдар министрлигинин

Ош шаардык башкармалыгынын

өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу

боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Н.Баймуратов сессияга келбегендигине  байланыштуу жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маселе депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясынын кароосуна калтырылсын.

2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.

 

Депутаттардын Ош шаардык

Кеңештин төрагасы:

 

У.Примов