Редакцияот 27.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫ

 (III ЧАКЫРЫЛЫШ)

 

2014-жылы 27-марты № 160

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо

жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик

агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы

тарабынан Ош шаарында курчап турган

чөйрөнү коргоо боюнча аткарылып жаткан

иштер жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы тарабынан Ош шаарында курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө башкармалыктын бөлүм башчысы А.Чынкараевдин маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 13-мартындагы отурумунун №2-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы тарабынан Ош шаарында курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө башкармалыктын бөлүм башчысы А.Чынкараевдин  маалыматы эске алынсын.

2.Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгына бир кошумча штат  ачуу маселесин карап чыгуу жагы сунушталсын. 

3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жүктөлсүн.

 

Депутаттардын Ош шаардык

Кеңешинин төрагасы:

 

У.Примов