Редакцияот 11.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI – чакырылышынын V-кезексиз сессиясы

2013-жылдын 11 – сентябры № 1

Мамлекеттик салык кызматынын Жумгал району боюнча башкармалыгынын башчысы И. Баялиевдин 7-август 2013-жылдагы № 934 катынын негизинде «Жергиликтүү административдик аймагына» жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3-топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы № 231 мыйзамын аткаруу менен Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кз зоналык коэффициентин бектиүү жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 1-январынан Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн “Жергиликтүү административдик аймагына” төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин:

- айыл-чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл-чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгыг үчүн жер салыгын, короо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын;

- мүлк салыгын 1,2,3,4 топтогу объектилерин;

- Кз зоналык коэффициенти 1,2 өлчөмүндө бекитилсин;

2. Салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиптери көрсөтүлгөн салыктарга бекитилсин:

- жер салыктарына жана мүлк салыктарынын 1,2,3 топтогу объектилерине Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык Кз коэффициентти эске алуу менен жүргүзүлсүн;

3. Бул Токтом Мамлекеттик нормативдик укуктук актыга киргизүүгө жана каттоого алууга Нарын облустук адилет башкармалыгынан суралсын.

4. 2014-жылдын 1-январынан тартып токтом күчүнө киргизилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышына жана көзөмөлгө алууга Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин төрайымы

Б. Жумаева