Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылы 18-марты № 6/4
Ак-Муз айылдык Кеңешинин депутаттары-11
Сессияга катышканы- 8
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн заседаниесинин 10-март 2013-жылдагы № 4 токтому менен берилген сунуштун негизинде «Өмүкө» каналынын жанындагы эски карьерден 1,20 га жер аянтынан Ак-Муз айылынын таштанды төгүүчү жайы катары уруксаат берүүсү боюнча
Эл депутаттардын Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
1.Ак-Муз айыл аймагынын «Өмүкө» каналынын жанындагы эски карьердин ордунан 1,20 гектар жер аянты Ак-Муз айыл аймагына таштанды төгүү үчүн берилсин;
2.Таштанды төгүү үчүн берилген 1,20 гектар жер аянтын ченеп мыйзам чегинде экологиядан уруксаат алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин;
3.Төгүлгөн таштандылардын экологияга терс таасирин тийгизбөө жагын колго алуу боюнча санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин;
4.Ак-Муз айылынын «Өмүкө» каналынын жанындагы таштанды төгүү үчүн берилген 1,20 гектар жерге уруксаат алуу жагы экология инспекциясынан суралсын.
Төрага: | А.Абдырахманов |