АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2013-жылы 13-апрели № 7/3
Ак-Муз айылдык Кеңешинин депутаттары- 11
Сессияга катышканы- 9
КҮН ТАРТИБИ:
Ак-Муз айыл аймагында көчүү, корук, бада жөнүндө.
Эл депутаттардын Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Малчыларды кыштоодон жайлоолорго көчүрүүнүн графиги жана малчылардын тизмеси такталсын; (тиркеме тиркелет)
2.Кошмо малдарды багуунун тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин; (тиркеме тиркелет)
3.Ички жайыттагы сарай ээлерине 2-ат,1-5 чейин саан уй, 10 кой-эчкиден мал алып калууга уруксаат берилсин;
4.Көчүү-конуунун эрежелерин жана мөөнөтүн сактабаган малчыларга Айыл өкмөтүнүн уставынын 11-беренесинин 1-2 пункттарына жана административтик жоопкерчилик кодексинин 17-беренесинин 185-186-193- статьясына ылайык айып салынсын;
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы Б.Абдылдаевге милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Абдырахманов |