Редакцияот 26.07.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

2013-жылы 26-июлу № 9/1

Ак-Муз айылдык Кеңешинин депутаттары-11

Сессияга катышканы- 9

 

Мектептин бүтпөгөн кошумча корпусун бузуу жөнүндө.

Эл депутаттарынын Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Мектеп жамаатынан макулдук алынсын.

2.Убактылуу пайдалануучулардын макулдугу алынсын.

3.Нарын аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан аныктама (заключения) алынсын.

4.Бузулган материалы матылбасын, мектептин, бала бакчанын, айыл өкмөтүнүн керектүү муктаждыктарына берилсин.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

А.Абдырахманов