АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз XI-сессиясы
2013-жылы 19-сентябры № 11
Ак-Муз айылынын административдик аймагында жер салыгын жана 1,2,3,4 тайптагы мүлк салыгынын объектилерин киргизүү, зоналдык коэффицентти кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» № 231 мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде Ак-Муз айылынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактап калуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Эл депутаттардын Ак-Муз айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2014-жылдын 1-январынан баштап Ак-Муз айлынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин;
-айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салык, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытына арналбаган жерлерди пайдаланган үчүн жер салыгы;
-1,2,3,4 тайпадагы мүлк обьектилеринин мүлк салыгы.
2.Кз-зоналдык коэффицентти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
3.Салыктык эсептер Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин» негизинде жүргүзүлсүн.
4.Бул токтом каттого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Токтом 2014-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирсин
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго милдеттендирилсин.
Төрага: | А.Абдырахманов |