Загрузка документа…
МИҢКУШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылдын 7- августу № 24
«ЖЕРГИЛИКТҮҮ АДМИНИСТРАТИВДИК АЙМАГЫНА»
ЖЕР САЛЫГЫН ЖАНА МҮЛК САЛЫГЫНЫН
1,2,3- ТОПТОРУНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
17-ОКТЯБРЬ 2008-ЖЫЛДАГЫ № 231 МЫЙЗАМЫН
АТКАРУУ МЕНЕН МИҢКУШ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТИНИН КИРЕШЕ
БОЛУГУН КӨБӨЙТҮҮ МАКСАТЫНДА КЗ ЗОНАЛЫК
КОЭФФИЦИЕНТИН БЕКИТҮҮ ЖӨНҮНДӨ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2014-жылдын 1-январынан Жумгал айыл өкмөтүнүн «Жергиликтүү административдик аймагына» төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин:
-айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, короо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын: мүлк салыгынын 1,2,3,4-топтогу объектилерин:
-Кз зоналык коэффиценти 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
2.Салыктарды эсептөөнү жана төлөөнүн тартиптери көрсөтүлгөн салыктарга бекитилсин:
- жер салыктарына жана мүлк салыктарынын 1,2,3-топтогу объектилерине Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык Кз зоналык коэффиценти эске алуу менен жүргүзүлсүн.
3.Бул токтом Мамлекеттик нормативдик укуктук актыга киргизүүгө жана каттого алууга Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.2014-жылдын 1-январынан тартып токтом күчүнө кирсин.
5.Бул токтомдун аткарылышына жана көзөмөлгө алууга Миңкуш айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Миңкуш айылдык кеңешинин Депуттатарынын төрайымы: |
Ж.Шералиева |