Редакцияот 27.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫ

(III чакырылыш)

 

2014-жылы 27-марты № 167

Депутаттардын Ош шаардык

Кеңешинин аппаратынын

штаттык түзүмүнө кошумча

штаттык бирдиктерди киргизүүгө

макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттинин 2014-жылдын 13-фералындагы №01-32/44 катынын негизинде  депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин түзүмүнө кошумча штаттык бирдиктерди киргизүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин түзүмүнө кошумча 1 бөлүм башчы, 1 башкы адис, 1 чарба башчысы жана 0,5 кассир бирдиктерин киргизүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Депутатардын Ош шаардык

Кеңештин төрагасы:

 

У.Примов