Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылы 30-декабры № 8-1
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
башчысын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2013-жылдын 18-декабрындагы №182 токтому менен дайындалган Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун жыйынтыгынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чоробеков Кубанычбек Чоробекович Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин көпчүлүк депутаттарынын добушу менен Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлансын;
2.Чоробеков Кубанычбек Чоробековичке белгиленген үлгүдөгү ырастаманы тапшыруу жагы Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын;
3.Бул токтом «Ат-Башы жаңылыктары» газетасына жарыялансын;
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы Т. Иманбердиевага тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы: |
К.Абдылдаев |