Редакцияот 06.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин депутаттарынын

кезексиз IХ сессиясы

2014-жылы 6-февралы № 9-2

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги

1-январь 2014-жылга карата калдык акча-каражатын

пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 1-январь 2014-жылга карата 4 874 918,93 сом калдык жана атайын эсебиндеги 189 912,21 сом акча-каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын 5-февраль 2014-жылдагы №1 токтомунун жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2014-жылга карата  4 874 918 сом 93 тый. калдык акча-каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:

1)Ат-Башы айылынын квартал башчыларына, аксакалдар сотуна, айылдык Кеңештин төрагасына жана айыл өкмөттүн жумушчуларынын эмгек акы, соц.фонд төлөмүнө 559 500 сом;

2)2014-жылдын 1-жарым жылдыгындагы майрамдарга жана даталуу күндөргө байланышкан  майрамдык жана спорттук иш чараларды каржылоого 385 500 сом;

3)Электр энергия  үчүн 100 000 сом;

4)Күйүүчү-майлоочу майларга 30 000 сом;

5)Өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча шаймандарды алууга 30 000 сом;

6)Ат-Башы айылындагы сугат арыктарына сооруженияларды курууга 270 000 сом;

7)Айыл өкмөткө инвентарь алууга 25 000 сом;

8)«Токтом» программасы боюнча Маалымат Борборуна 11 000 сом;

9)Ат-Башы айылына даталуу күндөрдө илинүүчү баннерлерге 20 000 сом;

10)Ат-Башы айылын көрктөндүрүү, жашылдандырууга 90 000 сом;

11)Кран боюнча кызмат акысына 50 000 сом;

12)Ар кандай чыгымдарга 66 718,93 сом;

13)Трансформатор алып келип орнотууга 340 000 сом;

14)Туалет курууга  142 200 сом

15)Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебине 300 000 сом;

16)Аялдар кеңешинини ар кандай иш чараларына  15 000 сом;

17)Соц.фонд (регресс) 50 000 сом;

18)№1 бала бакчага 10 000 сом;

19)Кулумбаевге жардам 5000 сом

20)Ат-Башы айыл өкмөтүнө компьютер алууга 25 000 сом;

21)Ат-Башы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин билим деңгээлин көтөрүүгө 25 000 сом;

22)Коммуналдык ишканага 450 000 сом;

23)Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу кызматтык машинанын ремонтуна 50 000 сом;

24)Бала бакчанын имаратына  1 825 000 сом.

2.Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги атайын каражат боюнча 01.01.2014-жылга калган калдыгы 189 912 сом 21 тыйын. төмөндөгүдөй багыттарга бөлүштүрүлсүн:

25)Башкаруу аппаратына 1500 сом ар кандай чыгымдарына;

26)К. Мамбеталиев атындагы орто мектебине 6900 сом ар кандай чыгымдарына;

27)Бала бакчаларга 181 512 сом 21 тый. тамак-аш чыгымдарына; 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдон суралсын.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

Кеңешинин депутаттарынын төрагасы:

 

К.Абдылдаев