Редакцияот 17.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин депутаттарынын

кезектеги Х сессиясы

2013-жылы 17-марты № 10-2

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн

2014-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2014-жылга карата долбоору боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын сунуштарын, Ат-Башы айыл аймагындагы мектептердин, бала бакчалардын жана башка мекеме, уюмдардын кайрылууларын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү төмөндөгүдөй өлчөмдөргө бекитилсин:

    Киреше бөлүгү:

 1)Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар – 15 730 300 сом;

 2)Категориялык грант – жок;

 3)Теңдештирилген грант – 3 014 200 сом.

 Баардыгы: 18 744 500 (он сегиз миллион жети жүз кырк төрт миң беш жүз) сом.

    Чыгаша бөлүгү:

 1)Башкаруу аппараты – 12 872 500 сом;

 2)Мектептер – 3 366 000 сом;

 3)Бала бакчалар – 2 506 000 сом.

 Баардыгы: 18 744 500 (он сегиз миллион жети жүз кырк төрт миң беш жүз) сом.

2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бекитилген бюджетин түзүлгөн сметага ылайык аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.

3. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата бюджетинин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын. өүң

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

Кеңешинин депутаттарынын төрагасы:

 

К.Абдылдыев