Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 3-апрели № 4
Нарын шаарынын парктарындагы бак дарактарга, жашыл аянттарга зыян келтирген шаар тургундарынын мал-жандыктарына, бак дарактарды кыйган жеке жана юридикалык жактарга айып акы салуунун тарифин бекитүү жөнүндө
Нарын шаарында шаар жашоочулары тарабынан мал кармоонун эрежелери одоно бузулуп, жайкы мезгилдерде бодо жана майда жандык малдар жайлоого чыгарылбай, ээн кое берилгендиктен шаардын жашыл аянттары, парктар, жаңы тигилген бак дарактарына көчөттөрүнө, гүлдөргө зыян келтирилүүдө.
Нарын шаардык мэриясы, Нарын шаардык жашылдандыруу мекемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-май 2013-жылдагы №224 токтомуна ылайык шаардагы парктарга, жашыл аянттарга, скверлерге кирген малдын түрүнө жана бак дарактарга, бадалдарга уруксаатсыз зыян келтирген жактарга айып салуунун өлчөмүн сессияда карап, бекитип берүү сунуш каты менен кайрылышкан.
Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп, туруктуу комиссия өз отурумунда бул маселени шаардык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизүү боюнча сунуштарын билдиришкен.
Нарын шаардык мэриясынын, Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин жана Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиясынын сунуштарынын негизинде шаардык Кеңештин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-май 2013-жылдагы №224 токтомуна ылайык Нарын шаарындагы парктарга, жашыл аянттарга, скверлерге кирген малдын түрүнө жана бак дарактарга, бадалдарга уруксаатсыз зыян келтирген жеке жана юридикалык жактарга айып салуунун өлчөмү тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
2.Шаардагы парктарга, жашыл аянттарга, скверлерге кирген малдын түрүнө жана бак дарактарга, бадалдарга уруксаатсыз зыян келтирген жактарга айып салууда түшкөн акча каражаты Мыйзам чегинде такталып, кириштелсин жана шаардык жашылдандыруу мекемеси (А.Токонов), шаардык финансы бөлүмү (Ж.Урустемов) тарабынан көзөмөлдүкө алынсын.
3.Бул токтомдун аткаруу Нарын шаардык мэриясына (А.Суранов) тапшырылсын.
Төрага: | Э.Турсуналиев |
| Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы XII сессиясынын №4токтомуна тиркеме |
Эреже бузуунун түрү | Такса (сом менен) |
Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу жана бузуу, шамалдан жыгылган жана бороон кулаткан жыгачтарды уруксаатсыз алуу (уурдоо) | |
Өсүүсү токтоп калуучу даражага чейин кыйылган же зыянга учуратылган ар бир дарак (бадал) үчүн: 10 жылдан ашкан жаштагы жана түбүндөгү диаметри кабыгы менен төмөнкүдөй болгон дарактар: 4,0 см, га чейин 4,1 см дан 8,0 см га чейин 8,1 см дан 12,0 см га чейин 12,1 см дан 16,0 см га чейин 16,1 см дан 20,0 см га чейин 24,1 см дан 28,0 см га чейин 28,1 см дан 32,0 см га чейин 30 м дан ашык диаметрдеги ар бир см үчүн - бадал породалар - ар бир түп үчүн - келтирилеген зыян өсүүсү токтоп калышына дуушарлантпаган, жашы 10 жылдан ашкан ар бир дарак же бадал үчүн Дарак породалардын уюлунун ар бир килограммы үчүн: - жангак уюлу. - башка породалардын уюлдары |
381,48 508,6 635,76 762,92 890,07 1017,2 1144,39 1271,58 381,48 507,06 381,48
500,2 250,08 |
Эскертүү:
Кургап калган жыгачтарды уруксаатсыз кыйганда, бороондон жана шамалдан жыгылган жана сынган жыгачтарды уруксаатсыз алууга (уурдоого) карата бул таксалар колдонулбайт, ал эми зыян дарак породаларынын өсүп турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына колдонулуп жаткан таксалар боюнча эки эсеге көбөйтүлгөн такса менен эсептелет.
| Малга салынуучу айып шаар ичине жайгандыгы үчүн | Өлчөмү (сом) |
1. | Эки жаштан жогорку ири мүйүздүү мал жана жылкылар үчүн (бир баш) | 104,03т / 520,15т |
2. | Эки жашка чейинки ири мүйүздүү жана жылкылар үчүн | 31,21т / 156,05т |
3. | Майда жандык (кой,эчки) | 208,05т / 1040,25т |
4. | Парктарга, скверлерге жашыл аянттарга кирсе 5 эсе көбөйтүлгөн айып салынат |
|
5. | Эчкилерди кайра жайганда | Ушул пункттун 1-пунктча сында каралган зыяндын 5 эсе өлчөмүндө |
Нарын шаардык Кеңешинин Аппарат жетекчиси: |
А.Абдыкеримов |