Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 26-февралы № X-9
АРИС программасынын каржылоосу менен бүткөрүлгөн шаардагы “У.Салиева” атындагы балдар бакчасынын терезелерин алмаштыруу жана шаардагы 4 мектепке спорттук инвентарларды алып келүү иштери жөнүндө Ноокат шаарынын вице мэри Д.М.Тажибаевдин билдирүүсү.
“У.Салиева “ атындагы балдар бакчасынын эски терезелери жараксыз болуп калгандыктан 220 м2 көлөмдөгү терезелер, пластик терезелерге алмаштырылган. Долбоордун сметасынын баасы 693000 сомду түзгөн. Долбоорду аткарууда каржылоо булагынын 95 пайызы АРИС программасы аркылуу, калган 5 пайызы жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Терезелерди алмаштыруу иштерин жүргүзүү боюнча тендерге ОФ “ Ноокат умелец ” 862262 сомго, ЧП “Ташматов И ” - 820550 сомго, ЧП “ Ысманова ” - 715200 сомго,ЧП “Калыбердиева”-709800 сомго, ЧП “Рустамходжаев”-718960 сомго, ОсОО “Люкс строй” 693000 сомго ишканалардан өтүнүч келип түшкөн. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында ОсОО “Люкс строй” курулуш ишканасы тандалып, тендерден утуп алган. 2013-жылга аткарган иштери үчүн 693000 сомдун 34650 сому жергиликтүү бюджеттен, АРИС уюуму тарабынан 658350 сому каржыланган.
Ал эми экинчи долбоор боюнча шаарыбыздагы 4 мектепке спортук инвентарь сатып алууда сметасы 1 106 800 сомду түзөт. Долбоордун каржылоо булагын аткарууда АРИС программасы 95 пайызын, жергилктүү бюджеттен 5 пайызы каржыланган. Тендерге катышууга ОсОО “Артур-Н”-1724200 сомго, ОсОО “Капитал стройгрупп”-944528 сомго, ЧП “Закиров И”-1106800 сомго, ЧП “Абдурахимов Ю”-1308000 сомго ишканалардан өтүнүнчтөр түшкөн. Комиссия составы түзүлүп, тендердин жыйынтыгында ЧП “Закиров И” жеке ишканасы утуп алган. ЧП “Закиров И” тендерде көрсөтүлгөн 1 106 800 сомдук жумуш аткарып, ал эми 136000 сомго АРИС тарап менен макулдашып,кошумча иштер аткарылган. Тактап айтканда 1 242800 сомго 4 мектепке 310700 сомдон ашык спортук инвентарь менен камсыз кылганын жана Ноокат шаарынын вице мэри Д.М.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат АРИС программасынын каржылоосу менен бүткөрүлгөн
2 долбоор:
- “У.Салиева” атындагы балдар бакчасынын терезелерин алмаштыруу;
- Ноокат шаарындагы 4 мектепке спорттук инвентарларды сатып алып келүү иштери жөнүндөгү Ноокат шаарынын вице мэри Д.М.Тажибаевдин билдирүүсү эске алынсын.
2.2014-жылга карата АРИС жана башка эл аралык уюмдар менен инвестиция тартуу иштерин улап ишке ашыруу жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча адис А.Толиповга жүктөлсүн.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы: |
А.Гафаров |