Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 26-февралы № X-12
Ноокат шаардык кенешинин Ноокат шаарынын аймагындагы Ош, Кызыл-Кыя, Солтобаев, Ленин, С.Алимбаев атындагы көчөлөрүндөгү автоунаалардын токтоосун иретке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндө.
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинде 2013-жылдын 1-октябрынан баштап Ноокат шаарындагы бардык жолдордогу убактылуу уюштурулган жолдун четиндеги автоунаалар токтоочу жайлар шаар бюджетин көбөйтүү максатында муниципалдык менчик департаментине алынган.
Ушул убакка чейин атайын автоунаа токтотуучу жайлардын жок болгондугуна байланыштуу бардык көчөлөр бир адамга келишимдин негизинде берилип, айына 12 000 сом төлөнүүчү.
Ноокат шаар аймагынын борбордук жолдорунун четине токтогон автоунаалардан түшүүчү акынын тарифтик баасын, Ноокат райондук жол коопсуздук кыймылы, Ноокат райондук ДЭП-37 ишканаларынын макулдугу менен такталган суммада убактылуу пайдалануусу боюнча Ноокат шаар мэрисынын сунушун , Ноокат шаардык кенешинин туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана талкуулап депутаттардын Ноокат шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү автопакровкалардын болжолдуу схемасы бекитилсин.
2. Ноокат шаар аймагынын борбордук жолдорунун четине токтогон автоунаалардын тарифтик баасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы антимонополдук жөнгө салуу агенствосу менен биргеликте макулдашылган таблицадагы суммалар бекитилсин:
№ | Аталышы | Баасы |
1. | 4 орундуу женил автоунаалар үчүн | 10 |
2. | 7 орундуу мини автоунаалар үчүн | 20 |
3. | Портер үчүн | 20 |
4. | 8-19 орундуу бустар үчүн | 30 |
5. | 10 т. жогорку жүк ташуучу унаалар үчүн | 50 |
3.Ушул токтомдун бир нускасы маалымат катары Ноокат шаардык мэриясына, Ноокат шаарынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери жана муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика, байланыш, экология суу менен камсыз кылуу жылуулук берүү жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеңешинин төрагасы: |
А.Гафаров |