Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 26-февралы № X-17
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы Ноокат райондук балдар спорттук мектебинин залын ондоп, түзөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы Ноокат райондук балдар спорттук мектебинин залын ондоп, түзөөгө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык мэриясынын 2014-жылдын 20-февралындагы №01-19/10 катын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат райондук балдар спорттук мектебинин машыгуу залын ондоп, түзөө үчүн субсидья статьясыда каралган акча каражаттын эсебинен 100,0 мин сом ажыратып берилсин.
2.Ажыратылып берилген акча каражатын бөлүп берүү жагы Ноокат шаар мэриясынын ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеңешинин төрагасы: |
А.Гафаров |