Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 26-февралы № X-18
Ноокат аймактык ооруканасынын травматология-неврология, хирургия-кардиология, балдар бөлүмдөрү жайгашкан имараттардын чатырларын алмаштырып кайрадан жабуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
Ноокат аймактык ооруканасынын, жогоруда аты аталган бөлүмдөрүнүн чатырларын алмаштырып кайрадан жабууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү 2014-жылдын 13-февралында берген №22/2 катынын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат аймактык ооруканасынын , жогоруда аты аталган бөлүмдөрдүн чатырларын алмаштырып кайрадан жабууга жергиликтүү бюджеттен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен 250,0 миң сом акча ажыратып берилсин.
2.Ажыратылып берилген акча каражатын бөлүп берүү жагы Ноокат шаар мэриясынын ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеңешинин төрагасы: |
А.Гафаров |