Редакцияот 11.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын  Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын  кезексиз VIII  сессиясынын заседаниеси

2013-жылдын 11-ноябры №VIII-4

Ноокат шаарынын аймагындагы Сельхозтехниканын ичиндеги жолду Ханкелдиев көчөсү менен бириктирүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.

Ноокат шаарынын аймагындагы Сельхозтехниканын жанындагы конуштун жашоочулары үчүн жакшы ынгайлуу шарт түзүү максатында 1979-жылдагы картадагы  жолду кайрадан калыбына келтирүү максатында ошол жердин жашоочуларын Ханкелдиев көчөсү менен бириктирүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын 2013-жылдын 29-октябрында берген  №110 катын көрүп чыгып  депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын аймагындагы Сельхозтехниканын  ичиндеги жолду Ханкелдиев көчөсү менен бириктирүү үчүн 24 метр болгон жерди металло черепица менен тосууга сметада көрсөтүлгөн 51650 сом  акча каражатын 2013-жылдын 6-июлундагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин №IV-1 токтому менен субсидья статьясына ажыратылган акча каражатынын эсебинен   ажыратып берилсин.

2.Ушул ажыратылган акча каражатын берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы депутаттардын Ноокат       шаардык кеңешинин  бюджет,  финансы,  экономика,  соода  маселелер боюнча  туруктуу   комиссиясына тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Джаликов