Редакцияот 11.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын  Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын  кезексиз VIII  сессиясынын заседаниесы

2009-жылдын 31-мартындагы №VIII-8

Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак участкасындагы столбалар эскирип кеткендигине байланыштуу, столбаларды алмаштырууга 47,0 миң сом акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.

Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак участкасындагы столбалар эскирип кеткендигине байланыштуу, столбаларды алмаштырууга 47,0 мин сом акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак участкасында жашаган элдын 2013-жылдын 20-октябрында берген  катын көрүп чыгып  депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак участкасындагы столбалар эскирип кеткендигине байланыштуу, столбаларды алмаштырууга 47,0 миң сом акча каражатын 2013-жылдын 6-июлундагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин №IV-1 токтому менен субсидья статьясына ажыратылган акча каражатынын эсебинен   ажыратып берилсин .

2.Ушул ажыратылган акча каражатын берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Гафаров