Редакцияот 11.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын  Ноокат шаардык кеңешинин  IV чакырылышынын  кезексиз VIII  сессиясынын заседаниесы

2013-жылдын 11-ноябры №VIII-11

Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталынын “Кара-Турпак” балдар бакчасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.

Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталынын “Кара-Турпак” балдар бакчасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын 2013-жылдын  6-ноябрында  берген  № 448 катын көрүп чыгып  депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак кварталынын “Кара-Турпак” балдар бакчасына 58920 сом акча каражаты 2013-жылдын 6-июлундагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин № IV-1 токтому менен субсидья статьясына ажыратылган акча каражатынын эсебинен   ажыратып берилсин.

2.Ушул ажыратылган акча каражатын берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Гафаров