Редакцияот 11.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын  Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын  кезексиз VIII сессиясынын заседаниесы

2013-жылдын 11-ноябры №VIII-12

Х.Төрөбаевнанын атына 2001-жылдын 7-декабрында Эски-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан берилген №589 сандуу токтомун жана З.Худайбердиевнанын атына Ноокат шаар башкаруусу тарабынан 2010-жылдын 15-апрелинде берилген №67 сандуу токтомун жана токтомдун негизинде 2010-жылдын 19-апрелинде сериясы Ч №26 03 82 сандуу Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан берилип калган мамлекеттик актысын жокко чыгарүү жөнүндө.

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 22-февралындагы “Ноокат районунун аймагында 2013-жылды  айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү  №10  токтомунун негизинде  иш чараларды алып баруу боюнча Ноокат шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана шаардын көчөлөрүндөгү автоуналардын тыгындарын азайтуу, жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарларды ачуу  максатында иш алып барууда төмөнкү көйгөйлөр аныкталып, Ноокат шаарынын Ханкелдиев көчөсүн түндүк тарабынан Х.Төрөбаева ал эми түштүк тарабын З.Худайбердиевалар өз менчигине мыйзамсыз каттатып алып, натыйжада Ханкелдиев көчөсү жоголуп кетип жергиликтүү элдерге кыйынчылык жаралууда. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  мыйзамынын 11-беренесинин 2-пункту  менен  Х.Төрөбаеванын атына 2001-жылдын 7-декабрында Эски-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан берилген №589 сандуу токтомун жана З.Худайбердиевнанын атына Ноокат шаар башкаруусу тарабынан 2010-жылдын 15-апрелинде берилген №67 сандуу токтомун жана токтомдун негизинде 2010-жылдын 19-апрелинде сериясы Ч №26 03 82 сандуу Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан берилип калган мамлекеттик актысын жараксыз деп табуу жөнундөгү  Ноокат шаар муниципалдик менчик башкармасынын 2013-жылдын 5-ноябрында  берген  №110 сандуу сунуш катын карап жана талкуулап депутаттардын  Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Х.Төрөбаевнанын атына 2001-жылдын 7-декабрында Эски-Ноокат айыл өкмөтү тарабынан берилген №589 сандуу токтомун жана З.Худайбердиевнанын атына Ноокат шаар башкаруусу тарабынан 2010-жылдын 15-апрелинде берилген №67 сандуу токтомун жана токтомдун негизинде 2010-жылдын 19-апрелинде сериясы Ч №26 03 82 сандуу Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан берилип калган мамлекеттик актысын жокко чыгарып берүү жагы Кыргыз Республикасынын жер жөнүндөгү кодексинин 119-беренесинин 2-пунктуна ылайык Ош облустук райондор аралык сотунан суралсын.

2.Ош облустук райондор аралык сотуна Ноокат шаардык кеңешинин  атынан кайрылып мыйзамдуу жагын кароо жана соттук отурумга катышуу жагы Ноокат шаардык мэриясынын юристи Ч.А.Ырысбаевага тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык  этика,  коомдук уюмдардын иштери маселелери боюнча Ноокат шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Гафаров