Редакцияот 25.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын  Ноокат шаардык кеңешинин IV   чакырылышынын  IX   сессиясынын заседаниесы

2013-жылдын 25-декабры №IX-7

Ноокат шаарынын аймагындагы Эски-Мал базар менен Кара-Турпак көчөсүн байланыштырып турган көпүрөнү оңдоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.

Ноокат шаарынын аймагындагы Эски-Мал базар менен Кара-Турпак көчөсүн байланыштырып турган көпүрөнү оңдоого сметада көрсөтүлгөн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын 2013-жылдын 25-ноябрында берген №466 катын жана шаардык кеңештин  бюджет,  финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын аймагындагы Эски-Мал базар менен Кара-Турпак көчөсүн байланыштырып турган көпүрөнү оңдоого 172350 сом акча каражатын жыл ичинде ашыкча түшкөн  акча каражатын эсебинен ажыратып берилсин.

2.Ушул ажыратылган акча каражатын берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Гафаров