Редакцияот 25.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын  Ноокат шаардык кеңешинин IV   чакырылышынын  IX   сессиясынын заседаниесы

2013-жылдын 25-декабры №IX-10

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 2013-жылдын 30-декабрында 2014-жаны жылды жалпы райондун калкынын катышуусунда салтанаттуу тосууга  акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 2013-жылдын 30-декабрында 2014-жаны жылды жалпы райондун калкынын катышуусунда салтанаттуу тосууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын Ноокат шаар кеңешинин төрагасы атына 2013-жылдын 24-декабрында берген №1-109/78  катын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 2013-жылдын 30-декабрында 2014-жаны жылды жалпы райондун калкынын катышуусунда салтанаттуу тосууга 100000 сом акча каражатын 2013-жылдын 6-июлундагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин №IV-1 токтому менен субсидья статьясына ажыратылган акча каражатынын эсебинен   ажыратып берилсин.

2.Ушул ажыратылган акча каражатын “Ноокат Коммунальщик” акционердик коому ишканасынын эсеп счетуна которуп берүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Гафаров