Редакцияот 08.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Савай айылдык Кеңешинин кезексиз III сесиясынын

(бешинчи шайланган)

2014-жылдын  8-майы №3/2

Савай айылдык кеңешинин 2014-жылдын 18-январындагы “Савай айыл өкмөтүнүн башчысы  Азизбек Айткурбановго ишенбестик көрсөтүү жөнүндө” №1/1  токтому жөнүндө .

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 28,30- беренелеринин негизинде Савай айылдык Кеңешинин бешинчи шайланышынын кезексиз 3-сессиясынын отуруму Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Азизбек Айткурбановго ишенбестик көрсөтүү жөнүндөгү 2014-жылдын 18-январындагы  №1/1 токтомун талкуулап Савай айылдык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 4 пунктунун негизинде Савай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айткурбановго ишенбестик көрсөтүү жөнүндөгү 2014-жылдын 18-январындагы токтому күчүн жоготту деп табылсын.

2. Савай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Айткурбановго кетирилген кемчиликтерин оңдоо менен өз кызматында иштей берүүсүнө макулдук берилсин.

 

Савай айылдык

Кенешинин төрагасы:

 

Б.Мамашов