Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 11-январы №7
«ТКГ компаниясынын 2013-жыл учун алып чыккан жумушчу штаттарын компаниянын эмгек акы толоо ведомостун, чалгындоо учун берилген лицензияларын, элдик деп аталган комиссиянын иши кароо жонундо»
ТКГ компаниясынын 2013-жыл учун алып чыккан жумушчу штаттары жонундогу маалыматты угуп, чалгындоо учун берилген лицензиялары менен таанышып, элдик комиссиянын аткарган иштери жонундогу маалыматты угуп жана талкуулап, Депутаттардын Арал айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ТКГ компаниясынын 2013-жыл учун тузулгон жумушчу штаттарынын ичинде малчылыкты онуктуруу боюнча, осумдук агрономиясы боюнча, экономикалык онуктуруу боюнча, аялдарды информация менен камсыздандыруу боюнча, жаштарды информация менен камсыздандыруу боюнча, карыларды информация менен камсыздандыруу боюнча, мугалимдерди информация менен камсыздандыру боюнча ассистенттер деген жумушчу штаттардын алтынды чалгындоо ишине эч кандай зарылчылыгы жок экендиги белгиленсин.
2. Арал айыл жашоочуларынан тушкон арыздар боюнча айылдын кочолорун кварталдарга болуп алып кыдырышып, колуна карандаш кармап алышып, элдин ой-пикирин ар кандай онутто чалгындашып, ТКГ компаниясынын атынан деп бир пачка чай таратып жургон кыздардан тушунук алынсын. Аларга ушул ишти жасоого ким уруксат бергендиги аныкталсын. Бул туурасында ТКГ компаниясынын жетекчилигине билдирилсин.
3. 2012-жылдын 11-январында ТКГ компаниясы менен Арал айыл окмотунун оз алдынча башкаруу бийлигинин ортосунда тузулгон № 199 оноктук келишими деген келишиминде ТКГ компаниясы 2015-жылдын 31-декабрына чейин № АР24, №АР 1005, № АР 23, № АР61 лицензияларынын негизинде, Талды-Булак , Баркол, Кенташ, Коргонташ объектилеринде чалгындоо иштерин жургузууго укуктуу деп бекитилип, ага биринчи тараптан ТКГ компаниясынын башкармалыгынын башчысы Дэвид Грант, экинчи тарап болгон Арал айыл окмотунун башчысы Досманбет уулу Доктурбек, Кенештин торагасы Медетов Турат, элдик комиссия деп аталган комиссиянын атынан Малаев Эсенбек кол коюшканы, бирок алардын Кууганды айыл окмотуно тиешелуу болгон Баркол объектиси учун, Копуро Базар айыл окмотуно тиешелуу болгон Коргонташ объектиси учун кол коюшка укугу жок экендиги белгиленсин. Оноктук келишимдин тузулушунун негизинде орун алган тушунуксуз жагдайлар Арал элинин алдыда боло турган элдик чогулушунда каралсын.
4. Элдик комиссия деп аталган ушул убакка чейин иштери туурасында Арал айыл окмот башчысынан сураганда эч кандай документ коргозбогондугу белгиленсин. Бул комиссиянын жасап жургон иши астыда боло турган элдик чогулушта каралсын.
5. Ушул токтомдун иш жузуно ашырылыш жоопкерчилиги Арал айыл окмотунун башчысы Досманбет уулу Доктурбекке милдеттендирилсин.
Депутаттардын Арал айылдык Кенешинин торагасы: |
К.Туткучов |