Редакцияот 20.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Кадамжай шаардык Кенешинин I чакырылышынын XI-сессиясы

 

2013-жылдын 20-сентябры №11/6

Эргешов Ташбалтанын арызы жонундо

Мурдагы Пульгон автобазасынын мончосу жана котелнаясы Т.Эргешовдун жеке менчигинде туруп, бирок Орозбеков айылдык окмоту тарабынан башка адамдарга берилип кеткен. Ошондуктан Кадамжай шаардык Кенеши Т.Эргешовдун арызын карап, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кадамжай шаарынын аймагындагы Пульгон автобазасынын мончосу жана котелнаясы жайгашкан жер аянты Т.Эргешовдун жеке менчигине таандык болгондуктан, аны кайрадан менчик ээсине кайтарып берилуусу тийешелуу органдардан суралсын.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык Кеңешинин жер комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кадамжай шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т.М.Камбаров