Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-ноябры №12/2
Кадамжай шаарындагы турмуш тиричилик калдыктарын жыйноону жана ташып кетүүнү уюштуруу жөнүндө
Кадамжай шаардык Кеңеши шаардагы тиричилик таштандыларын жыйноону, ташып чыгарууну жана жок кылуу менен байланышкан жергиликтуу маанидеги маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18 беренесинин 2 бөлүмүнө ылайык Кадамжай шаарында турмуш тиричилик калдыктарын жыйноону жана ташып кетууну уюштурууну Кадамжай «Тазалык» муниципиалдык ишканасына жүктөлсүн.
2. Кадамжай шаарындагы таштандыларды ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүнү шаардагы мекеме- ишканалар жана жеке ишкерлер менен келишимди түзүү Кадамжай «Тазалык» муниципиалдык ишканасынын жетекчиси З.Ходжобаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын Кадамжай шаарынын вице-мэри Ч.Тагаевке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Кадамжай шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Т.М.Камбаров
|