Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-ноябры №12/4
Кадамжай шаарынын тургуну Нажимидинов Эрмаматтын кайрылуусу жөнүндө
Кадамжай шаарынын Автобаза участкасында жайгашкан Нажимидинов Эрмаматтын жеке менчик дүкөнүнүн алдындагы чирий баштаган чынар терегин кесүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып, Кадамжай шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нажимидинов Эрмаматтын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бир түп чынар теректи кыюуга уруксат берүүнү Баткен облустук курчап турган чөйрөнү коргоо бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Т.М.Камбаров
|