Редакцияот 06.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Кадамжай шаардык Кенешинин XXV чакырылышынын V-сессиясы

 

2013-жылдын 6-ноябры №12/16

«Сары Талаа» жайытындагы жерлерди дарылоого бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы жөнүндө

«Сары Талаа» жайытындагы жерлерди дарылоого бөлүнгөн акча каражаттарынын сарпталышы жөнүндөгү элдердин кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Кадамжай шаардык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    «Сары Талаага» эгиндерди зыянкечтерден сактоо үчүн дарылоого бөлүнгөн 75 миң сомдун чыгымдалышы боюнча 2013-жылдын 20-ноябрына чейин мэриянын отчету угулсун.

2.    Акча каражаттын чыгымдалышы жөнүндөгү отчетту даярдоо Кадамжай шаарынын мэриясынын ЭКБнүн башчысы М.Жумаматовко жүктөлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кадамжай шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т.М.Камбаров