Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылы 25-сентябры №50
ТКГ компаниясынын Талдыбулак лицензиялык аянтындагы жүргүзүп жаткан чалгындоо ишинин мөөнөтүнөң мурда токтоп калышынын себебин «Талас Коппер Голд» ЖЧКсынын регионалдык менеджери Н.Атаканов 2013-жылдын 10-июнундагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына жиберген катында бул убактылуу токтотуу деп, аны бүгүнкү күндөгүас Кыргыз Республикасындагы саясый кырдаалга, тоо кендерин иштетүү боюнча эл арасында болуп жаткан каршылыктын көбөйүшүнө жана 2013-жылы бургулоо иштеринин планын ашык аткаргандыгы менен байланыштырган.
ТКГ компаниясынын Талдыбулак лицензиялык аянтындагы жүргүзүлүп жаткан чалгындоо ишинин мөөнөтүнөн мурда токтоп калышынын себеби жөнүндөгү маселени талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалгындоо ишинин Талдыбулак лицензиялык аянтында токтоулгандыгына байланыштуу лицензиянын ТКГ компаниясы тарабынан кайра мамлекетке кайтарылып, берилгендиги же берилбегендиги туурасында билдирүү тоо-кен жана минералдык ресурстар агентигинен суралсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентигинин башчысы Дилалиев Үсенбек Текшербековичтен Арал айылына келип, ТГК компаниясынын чалгындоо ишин токтоткондугунун себеби боюнча, рекультивация маселеси боюнча, лицензия берүүдөгү эки тараптуу келишим боюнча жана башка суроолорго жеринде жооп берүүсү суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Депутаттардын Арал айылдык Кенешинин төрагасы: |
К.М.Туткучов |