Редакцияот 25.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Арал айылдык Кенешинин VI- чакырылышынын кезексиз XIII- сессиясы

2013-жылы 25-сентябры №51

Депутаттардын Арал айылдык Кенеши Мамлекеттик салык кызматынын Талас району боюнча башкармалыгынын 2013-жылдын 15-августундагы №05/2603 сандуу катын карап жана талкуулап чыгып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Арал айылдык аймактык округунда жайгашкан соода түйүндөрүнөн алынуучу I,II,III - группадагы салык түрлөрү салык кодексинин негизинде алынсын.

2.  Салык кодексинин 327-статьясынын II-пунктунун негизинде бекитилген жана иштеп жаткан зоналдык салык коэффициенттин (соода түйүндөрү боюнча) 1% тан жогору көтөрүү маселеси депутаттардын добуш берүүсү аркылуу колдоо таппагандыгы белгиленсин.

3. Зоналдык коэффициенти көтөрүү үчүн кандай закондуу негиз бар экендигин сурап-билип талдоо жана Депутаттардын чечимин райондук салык кызматына белдирүү аткаруу бийлигинин башчысы Абдылдаев Нуркалый Касымовичке тапшырылсын.

 

Депутаттардын Арал айылдык

Кенешинин төрагасы:

 

К.М.Туткучов